Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 10-июну УӨ № 437
2010-жылдын 6-7-апрелинде жана 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Элебесов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ап паратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сагынбаева Д.З. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармасынын начальниги;
Шадыханов К.Т. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук, мамлекеттик жана кадрлык кызмат башкармасынын начальниги;
Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин эмгектик мамилелер жана эмгек акы бөлүмүнүн начальниги;
Абилов У.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу башкармасынын начальнигинин орун басары;
Батырбекова С.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин экономикалык процесстерди жөнгө салуу башкармасынын аналитикалык иштеп чыгууларды жыйынтыктоо бөлүмүнүн башчысы;
Мамбеталиева М.У. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык сарптоолорду каржылоо башкармасынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Рысбекова Ж.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин социалдык камсыздоону талдоо жана анын методологиясы башкармасынын начальниги;
Икрамов С.И. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Куйкеев Э.А. - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
2010-жылдын 6-7-апрелинде жана 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чаралардын комплексин караштырган декреттин долбоорун 2010-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;
- Ведомстволор аралык жумушчу топко иш үчүн керектүү материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине тапшырылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |