Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 10-июну УӨ № 438
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2010-жылдын 1-февралындагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаттарын берүү боюнча Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоорун Кошумча каржылоо боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жабдууну жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкү шарттарда жылуулук электр станцияларын реабилитациялоо үчүн 4,0 (төрт) млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берсин:
- 3 жыл жеңилдетилген мезгилди кошуп алганда кредитти тындыруу мөөнөтү - 15 жыл;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - жылына 8 пайыз;
- төлөөнү кечиктирген учурда финансылык санкциялары - мөөнөтүн өткөрүп жиберген карыз үчүн жылына 8 пайыз;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен милдеттүү күрөөлүк камсыз кылып, бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте түзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги алынган каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн контролдоону камсыз кылсын.
3. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- карыздык милдеттенмелерге карата тындыруу графигине так ылайыкта кошуп эсептелген пайыздар менен бюджеттик кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу;
- алынган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |