Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 10-июну УӨ № 439
Прокуратура органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратындагы жана ага жанаша жаткан аймактагы өрттүн натыйжасында, архивдин жана кадрларды эсепке алуу боюнча бардык кызматтык документтердин жок болушунун айынан пайда болгон форс-мажордук кырдаалды чечүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Насиза С.Х. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруу-инспектордук башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алымкулова С.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматты нормативдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, төраганын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Асылбеков Т.С. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары;
Кадыркулова К.М. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин эмгек мамилелери жана эмгек акы бөлүмүнүн башкы адиси;
Дүйшөмбиева Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун жеке эсепке алуу башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Ашималиева Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун пенсияларды борбордоштуруп дайындоо жана кайрадан эсептөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Горобец Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун жарандардын арыздары жана кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Набитаева Э.У. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык отчеттуулук жана ички аудит методологиясы башкармалыгынын мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук методологиясы бөлүмүнүн башчысы;
Кожомбердиев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн 1-категориядагы адиси;
Курманбаева А.М. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
Усманова Л.Ю. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Сагындыкова А.Б. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын иш башкармалыгынын финансылык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Романова Е.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары;
Аманбаева Ж.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Борбордук мамлекеттик архивинин ведомстволук архивдерди башкарууну жана алардын ишин контролдоону комплектөө, документтик камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
Мамбеталиев Н.А. - Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын укуктук жана социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кадралиева А.М. - Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын профсоюздук адвокаты (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия республиканын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин эмгек стажы жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүү менен байланышкан маселелерди, ошондой эле республиканын прокуратура органдарында кызмат өтөө менен байланышкан башка маселелерди нормативдик-укуктук жөнгө салуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жүктөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |