Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-июну УӨ № 443
Кыргыз Республикасында референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) даярдануу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү товарларды, жумуштарды жаиа кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өтүнмөлөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттын чегинде республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону камсыздасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын жана бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |