Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-июну УӨ № 446
Табигый кырсыктардын жана болгон чыр-чатактардын натыйжасында жабыркаган Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик материалдык резервден 1500 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын жана андан ун тартсын;
- брондон чыгарылган буудайдан тартылган унду жана 21,8 тонна көлөмдө гуманитардык жардам катары келген ундун калдыгын, ошондой эле Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген 17250 банка эт консерваны Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын райондук мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Кара-Суу-Дан-Азык" ААКнын унун жана Баткен шаарынын Кызыл-Кыя шаарындагы "Дан" ААКнын унун, ошондой эле Бишкек шаарынан келген эт консерваларды Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын райондоруна жана Ош шаарына облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана Ош шаарынын мэриясынын тизмелерине ылайык жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гуманитардык жүктөрдү белгиленген тартипте коштоону уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүдөй каражат бөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине - унду жана эт консерваларды арналган жерине чейин жеткирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - 1500 тонна аштык буудай сатып алуу жана мамлекеттик материалдык резервге сактоого коюу үчүн жана андан ун тартууга байланыштуу чыгымдын ордун жабууга.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012- жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жогоруда айтылган чыгымдарды эске алсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |