Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 14-июну УӨ № 455
2010-жылда жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду куруу жана оңдоо боюнча иш чаралар планын өз убагында камсыздоо, бузулган автомобилдик жолдордун бөлүктөрүн калыбына келтирүү жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:
- жол битумун сатып алууга - 200,0 млн. сом;
- автомобиль жолдорун күнүмдүк оңдоого жана күтүүгө - 100,0 млн. сом.
2. 2010-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан төмөнкү максаттар үчүн төмөнкүлөр бөлүп берилсин:
- 2009-жылда автожолдорду оңдоо боюнча аткарылган жумуштар үчүн кредитордук карыздарды жабууга - 100,0 млн. сом;
- табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюга - 100,0 млн. сом;
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча - 100,0 млн. сом, анын ичинде Түп-Кеген автомобиль жолун реконструкциялоону улантууга - 83,0 млн. сом жана Баткен облусундагы Сох суусундагы көпүрөнү 4,7 км кире берген бөлүгү менен кошо курууну улантууга - 17,0 млн. сом;
- Талас жана Нарын шаарларынын көчөлөрүн оңдоого - 60,0 млн. сом, анын ичинде Талас шаарынын көчөлөрүн оңдоого - 10,0 млн. сом, Нарын шаарынын көчөлөрүн оңдоого - 50,0 млн. сом.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ушул буйругуна ылайык бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланууну камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү көзөмөл кылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |