Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 14-июну УӨ № 462
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылы энергосистемалардын иштешинин макулдашылган режимине жетишүү жана Токтогул суу сактагычынын суусун натыйжалуу пайдалануу боюнча протоколдун чечимдерин аткаруу үчүн, ошондой эле 1994-1997-жылдарда Кыргыз Республикасынан берилген электр энергиясы үчүн Казакстан Республикасынын чарбакер субъекттеринин карыздарын жоюу жөнүндөгү маселени жөнгө салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1994-1997-жылдарда берилген электр энергиясы үчүн Казакстан Республикасынын энергетикалык чарбакер субъекттеринин карыздарынын ордун толтуруу катары Казакстан Республикасынын Өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүчү 5873,0 (беш миллион сегиз жүз жетимиш үч миң) миң АКШ доллары суммасындагы гуманитардык жардам каражатын "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна которсун.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коому:
- 1994-1997-жылдарда Кыргыз Республикасынан берилген электр энергиясы үчүн карыздардын ордун толтурууга алынган каражаттардын эсебинен 5,873 млн. АКШ доллары суммасындагы Казакстан Республикасынын энергетикалык чарбакер субъекттеринин карызын жойсун;
- карыздын ордун толтуруу эсебине алынган каражатты Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн казакстандын көмүрүн сатып алууга жумшасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |