Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 14-июну УӨ № 463
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо боюнча 2010-жылга карата иш-чаралардын планын өз убагында аткаруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн каралган 352000000 (үч жүз элүү эки миллион) сом өлчөмдөгү финансылык каражатты жолго пайдаланылчу нефти битумун алууга пайдаланууга;
- жолго пайдаланылчу нефти битумун "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |