Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-июну № 465
Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү жана азык-түлүк товарлары менен өз учурунда камсыздоо макстаныда:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Жалал-Абад шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 10 (он) миллион сом бөлүнсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын финансы министри Т.А.Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |