Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-июну УӨ № 470
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдү каржылоону караган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоорун 2010-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча иштеп чыгышсын:
- "Кыргызстандын түштүгүн электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча - 256,0 (эки жүз элүү алты) миллион АКШ доллары өлчөмүндө;
- "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоору боюнча - 343,0 (үч жүз кырк үч) миллион АКШ доллары өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |