Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-июну УӨ № 478
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнө жана "Ак-Толкун" пансионатына жолдомонун толук жана жеңилдетилген баасынын ортосундагы айырманы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 1810100 (бир миллион сегиз жүз он миң жүз) сом бөлүнсүн, анын ичинде:
- Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери үчүн 761100 (жети жүз алтымыш бир миң жүз) сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери үчүн 705500 (жети жүз беш миң беш жүз) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратын тейлөө боюнча департаменттин кызматкерлери үчүн 243500 (эки жүз кырк үч миң беш жүз) сом;
- учурдагы ремонтту жүргүзүүгө 100000 (жүз миң) сом.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |