Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 25-июну УӨ № 504
Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын материалдык-техникалык камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында абалды оңдоо боюнча иш-чараларды камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 68058100 (алтымыш сегиз миллион элүү сегиз миң жүз) сом суммасында акча каражаты бөлүнсүн, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 39904600 (отуз тогуз миллион тогуз жүз төрт миң алты жүз) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына - 28153500 (жыйырма сегиз миллион жүз элүү үч миң беш жүз) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012- жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы бөлүнгөн акча каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздашсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |