КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 9-июлу УӨ № 523
Чүй облусунун ички иштер органдарын администрациялык имараттар жана бөлмө-жайлар менен камсыздоо, алар коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коюлган милдеттерди аткарышы максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 20000000 (жыйырма миллион) сом суммада акча каражат бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бөлүнгөн акча каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздасын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |