Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-июлу УӨ № 530
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына Маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 2467700 (эки миллион төрт жүз алтымыш жети миң жети жүз) сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондун 2467700 (эки миллион төрт жүз алтымыш жети миң жети жүз) сомго көбөйтүү жагында өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |