Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 19-июлу УӨ № 531
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 277 буйругу менен мурда дайындалган А.А.Мокенов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 6-июнундагы № 194 буйругу менен мурда дайындалган Т.Б.Курманбеков, С.А.Кылжыев бошотулсун.
2. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп беш жылдык мөөнөткө дайындалышсын:
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Алиев Бекболот Абдыганыевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |