Редакцияот 523679
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2011-жылдын 21-январы № 11-б

Москва шаарында болуучу (Россия Федерациясы) ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын (2011-жылдын 25-26-январында) 68-жыйынына жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 52-жыйынына (2011-жылдын 28-январында) катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Бабанов Өмүрбек Токтогулович*

 

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси,

Чиналиев Улугбек Кожомжарович

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси,

 

Кулматов Кубанычбек Кеңешевич*

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы,

 

Усупов Үсөн Макаевич**

- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү,

 

Кадырбеков Карыбек Адалбекович*

 - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы,

 

Бийбосунов Руслан Мелсович**

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору,

 

Мусаев Рыскелди Жусупович

 - КМШга катышуучу өлкөлөрдүн чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши системасындагы Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара аскерлеринин өкүлү,

 

Иманалиев Эмил Даудович**

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын

Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын алдындагы өкүлү,

 

Көчкөнов Казыбек Маматкасымович **

 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы,

 

Кенжекулова Замира Сыдыковна

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси

 

Көрсөтүлгөн жыйындарга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

* ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 27-28-январы),

* ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын жыйындарына, ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 24-28-январы).

 

Премьер-министр

А. Атамбаев