Редакцияот 09.02.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2011-жылдын 9-февралы № 25-б

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Билим берүү бардыгы үчүн» программасын тездетип ишке ашырууга карата демилгенин алкагындагы Каталитикалык фонддун экинчи гранты боюнча Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-февралында болуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында;

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Мамбетжанов М.Т.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;

 

Мухамеджанов А.Ж.

 

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Байгончоков М.К.

 

- Кыргыз Республикасынын финансы  министринин орун басары;

Соронкулов Г.У.

 

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Муканбетов С.Т.

 

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

Кадыров Б.С.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Ибраимова Ч.И.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;

 

Изаев А.С.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

 

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев