Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 9-февралы № 27-б
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин - Парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Декретине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратты өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдан тартып ар жыл сайын берилүүчү чыгымдардын сметасы боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты күтүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына республикалык бюджеттен каражат карасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |