Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2011-жылдын 9-февралы № 28-б

Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнүн 60 жылдык мааракесине арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

 

Жунусов И.К.

 

 - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Шакиев Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Өмүракунов М.

- «Замандаш» партиясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Иманалиев К.К.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Касиев Н.К.

- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

 

Мамбетакунов Б.

- Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

 

Мамбетов Т.М.

- Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

 

Оторбаев К.Т.

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Садыбакасова Ш.С.

- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

 

Сакыбаева А.Д.

 - «Жаңы агым» гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);

 

Салымбеков А.М.

- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

 

Турсунов Ж.

- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

 

2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев