КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 11-февралы № 29-б
Америка Кошмо Штатынын Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 13-18-февралында болуучу Бириккен Улуттар Уюмунун Социалдык өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 49-сессиясынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин.
Жунусов Ибрагим Кожоназарович | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
|
Кыдыров Талайбек Тургумбаевич | - Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү;
|
Нурмамат уулу Нурдавлет | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын делегациясынын АКШнын Нью-Йорк шаарына баруусу жана болуусу менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Социалдык өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 49-сессиясынын ишине катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |