Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 11-февралы № 30-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Азия Универсал Банк" ачык акционердик коомунда (мындан ары - Азия Универсал Банк" ААК) турган мамлекеттик ресурстарды калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерди ар тараптуу жана объективдүү кароо, пенсиялык төлөмдөрдү өз убагында каржылоону жана коммерциялык банктар системасындагы мамлекеттик каражаттардын сакталышын камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
"Азия Универсал Банк" ААКсынын атайын администратору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун жоюучу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөрдү киргизсин:
- бир жумалык мөөнөттө мурда "Азия Универсал Банк" ААКсында турган, Кыргыз Республикасынын Атайын фондунун каражаттарын пенсиялык төлөмдөрдү каржылоого пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаңыртуу боюнча макулдашылган сунушту;
- эки жумалык мөөнөттө мурда "Азия Универсал Банк" ААКсында турган, "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун каражаттарын мындан ары бюджетке кайтаруу механизми боюнча макулдашылган сунушту;
- бир айлык мөөнөттө "Азия Универсал Банк" ААКсында турган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин каражаттарын калыбына келтирүү боюнча макулдашылган сунушту.
3. Механизмдерди иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо жана материалдарды даярдоо төмөнкүлөргө бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаңыртуу - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна;
- "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун каражаттарын мындан ары бюджетке кайтарып берүү - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлигинин каражаттарын калыбына келтирүү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго.
4. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |