Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 18-февралы № 35-б
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, мамлекеттин активдерин башкаруунун ачык-айкын системасынын иштешин камсыз кылуу максатында:
1. Мамлекеттик менчикти инвентаризациялоону даярдоо жана жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) төмөнкү курамда (кызмат орундары боюнча) түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин орун басары, жумушчу комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Тармактык саясатты иштеп чыгуу башкы башкармалыгынын жетекчиси, жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Бишкек шаарынын вице-мэри;
- Ош шаарынын вице-мэри;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин контролдоо-укуктук башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин мүлктүк мамилелер департаментинин директору.
2. Жумушчу комиссия 2011-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлккө инвентаризация жүргүзүүнүн укуктук, финансылык, техникалык жана башка маселелерин жөнгө салуучу иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Жумушчу комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жооптуу кызматчыларын жана адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |