Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 25-февралы № 44-б
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону 2012-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиясын (мындан ары - Стратегия) иштеп чыгуу жана социалдык өнүктүрүүнүн, республиканын калкынын жашоо деңгээлин турукташтыруу жана көтөрүү боюнча чараларды көрүүнүн бирдиктүү курсун жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Рыскулова А.М. | - Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Ташпаева Н.А. | - Европа шериктештиги комиссиясынын эксперт-консультанты, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ниязалиева Д.А | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Бекешев Д.Д. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Абытов А.А. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Жумабеков С.А. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
|
Алымкулов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
|
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
|
Ташбаев У.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
|
Исаков Э.А. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
|
Беков Т.Н. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
|
Мухамеджанов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
|
Касенов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
|
Абулгазиев М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы;
|
Исакунова Т.Б. | - гендердик маселелер боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетакунов К.Б. | - Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Үсөнова В.У. | - Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча);
|
Дербишева Г.Т. | - Социалдык саясат ачык институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Макенбаева Б.Ж. | - «Психикалык ден соолук жана коом» коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
|
Итикеева М.Э. | - «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Асангариев М.Р. | - «Жаш майыптардын кыймылы» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Дыйканбаева С.Р. | - Майып-балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын пиар-менеджери (макулдашуу боюнча);
|
Баштовенко С.Н. | - «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Турдубекова Н.У. | - «Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Полити И.В. | - Калкты социалдык коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Султаналиев И.М. | - «Феномен» коомдук фондусунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Лукашова И.В. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Дикамбаев А.Ш. | - көз карандысыз эксперт, эксперттик топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Шаимкулов М.О. | - көз карандысыз эксперт, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Жаклин Деляру | - Европа союзунун комиссиясынын эл аралык эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Турусбекова Г. | - ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн социалдык саясат боюнча программасынын координатору (макулдашуу боюнча);
|
Момуналиев Р. | - Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) социалдык коргоо боюнча улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
|
Саргалдакова А. | - Дүйнөлүк банктын долбоорлор боюнча адиси (макулдашуу боюнча);
|
Темиров А. | - документтерди мониторингдөө жана баалоо боюнча көз карандысыз эксперт-экономист (макулдашуу боюнча);
|
Нарбаев Т.К. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Раяпова Р. | - Чыгыш Европадагы жана Борбордук Азиядагы социалдык коргоо маселелери боюнча региондук кеңешчи (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону2012-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна 2011-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте киргизсин;
- жумушчу топко практикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн эксперттик топ түзсүн;
- жогоруда аталган Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн материалдарды сурап алууга жана мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө, ошондой эле тиешелүү бөлүмдөргө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |