КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 25-февралы № 45-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2008-жылы мамлекеттик резервге коюлган 438,76 куб метр өлчөмүндөгү тактай материалын мамлекеттик резервден брондон чыгарсын жана убактылуу карыз иретинде 6 айга чейинки мөөнөт менен, андан ары мөөнөтүн узартуу укугусуз, күрөөлүк камсыздоо менен, 10 проценттик үстөктү кайтарып берүү шарты менен берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |