Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 2-марты № 50-б
Бажы кызматын модернизациялоонун алкагында пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда ведомстволор аралык өз аракетти камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 7-бөлүмүнүн 18-милдетинин 2) иш-чарасына ылайык:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык эксперттик комиссия түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти.
2. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия кварталына бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.
3. Ведомстволор аралык эксперттик комиссияга зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |