КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-марты № 56-б
Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн сувенирлерди, эстелик белектерди жана гүл композицияларды өз убагында сатып алуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тендер өткөрбөстөн, бир булактан алуу ыкмасы менен сувенирлерди, эстелик белектерди, гүл композицияларды сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзүлгөн сатып алуулар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат жана отчеттуулук үчүн квартал сайын берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |