Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-марты № 58-б
Бишкек шаарынын азыркы учурда колдонулуп жаткан шаардык мүрзөсүнүн аймагында бош жер участоктору жоктугуна байланыштуу каза болгон шаардыктардын сөөгүн коюу боюнча түзүлгөн кырдаалды чечүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Нарусбаева У.Р. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү:
Мендекеев Р.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин Бишкек-Чүй-Талас бөлүмүнүн начальниги;
|
Имашов Т.М. | - Бишкек шаарынын вице-мэри;
|
Смаилов К.А. | - Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Мусуралиев К.М. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз гидрогеологиялык экспедициясынын начальниги;
|
Кеңешов Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин «Бишкекглавархитектура» башкармалыгынын начальниги;
|
Парпиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укук департаментинин директорунун орун басары. |
2. Ведомстволор аралык комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын шаардык мүрзөсүн жайгаштыруу үчүн жер участкасын бөлүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |