Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-марты № 62-б
2010-жылдын 25-октябрында кол коюлган экономикалык реформаларды колдоо жана экономикалык өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 2-главасынын 2.3-пунктуна ылайык:
Экономикалык өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча биргелешкен өкмөттүк комитетте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри.
Премьер – министри | А.Атамбаев |