Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-марты № 63-б
Тажикстан Республикасындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдер уюмунун мүчө мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын (катчыларынын орун басарларынын) жолугушуусуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Атаханов Шамиль Есенжанович
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
|
Бекенов Марат Эсенбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;
|
Бедаш Виктор Владиславович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору. |
2. Дүйшөмбү шаарына ПРООН программасынын каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилүүчү В.В.Бедашты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү 12-13-мартта Ош шаары жана Баткен шаарына, 2011-жылдын 14-17-мартында Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарына жана Дүйшөмбү шаарына командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен командировкага жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине 2011-жылдын 30-мартына чейин жасалган иштер жөнүндө отчет берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |