Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-марты № 72-б
Кыргыз Республикасынын Японияда жүргөн жарандарына, ошондой эле 2011-жылдын 11-мартында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Япониянын калкына жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Япониянын Өкмөтү расмий кайрылган учурда Японияга жиберүүгө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулары бар 25 адамдан турган куткаруучулардын тобун даярдасын;
- Японияга жиберилүүчү куткаруучулар үчүн командировкалык чыгымдардын сметасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте:
- Япониядан Кыргыз Республикасына кетүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин тактасын;
- Кыргыз Республикасынын Японияда жүргөн жарандарын эвакуациялоо жана аларга жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыксын жана сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Япониянын жабыр тарткан калкына жардам көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" (ведомстволук уюмдар) 2215-беренеси боюнча 2 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен кийин ордун толтуруу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүп берсин;
- Япониянын Өкмөтү расмий кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Японияга жиберилүүчү куткаруучулар тобуна командировкалык чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Японияда жүргөн жарандарын эвакуациялоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн каржылоонун булагын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Японияда жүргөн жарандарына жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды жыйноо боюнча атайын топтоо эсебин ачсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |