Редакцияот 26.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 26-марты № 79-б

Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-29-мартында болуучу Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык консультацияларга катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Муканбетов С.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;

 

делегация мүчөлөрү:

 

Абдыгулов Т.С.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Дүйшеев Н.А.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы;

 

Касымалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

 

Байгончоков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Айтмурзаев Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Мамбеталиева Ж.Ж.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

 

Примов А.А.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;

 

Калмамбетов А.И.

- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

 

Мамбетов К.Б.

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

 

Мамбетаипов К.М.

- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;

 

Сосницкая Л.А.

- Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;

 

Чокоев З.Л.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Чолпонкулов Т.А.

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Ахматов С.М.

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

 

Тургунбаев Ж.Т.

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

 

Акматбеков Р.Ж.

- «РСК Банк» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Малабаев А.Д.

- «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Ашимов Т.К.

- Кыргызстандагы Райффайзен кооперативдерин өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

 

2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык консультациялардын жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев