Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-апрели № 106-б
КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Ялта шаарында (Украина) 2011-жылдын 13-17-апрелинде болуучу КМШга катышуучу мамлекеттердин "Ялта ишкердик жолугушуулары" эл аралык инвестициялык бизнес-форумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү курамдагы делегациясы бекитилсин:
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, делегациянын башчысы;
Кулматов Кубанычбек Кеңешович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Аширов Бөрүбек Чыйбылович - Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Усупов Үсөн Макаевич - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭстин алдындагы туруктуу өкүлү;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Кадыркулов Мукай Асанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси;
Көчкөнов Казыбек Маматкасымович(*) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Ташбаев Учкунбек Азизбековичке КМШнын экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетинин жогоруда аталган жыйындарынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Украинанын Ялта шаарына 2011-жылдын 11-апрелинен тартып командировкага жиберилет.
Премьер – министри | А.Атамбаев |