Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-апрели № 113-б
2010-жылдын сентябрындагы калың кардан жабыр тарткан Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2011-жылы жаздык себүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндеринин жана көп жылдык өсүмдүктөрдүн үрөн материалы менен камсыз кылуу боюнча кайтарымсыз негизде мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 176-б буйругун аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусу менен бирдикте Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын үрөн чарбаларынын мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карыздарын тындыруунун эсебинен жана "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чыгашанын "финансылык эмес жеке уюмдарга субсидия" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине каралган бюджеттик ассигнованиенин эсебинен 14350 миң сом суммасына 150 тонна жаздык буудайдын, 200 тонна жаздык арпанын жана биринчи жана экинчи репродукциядагы эспарцеттин 50 тонна үрөнүн 2011-жылдын апрелинде республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна топтосун;
- тикелей сатып алуулардын натыйжалары боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сатып алуу иштери аяктагандан кийин бир жумалык мөөнөттө берсин;
- Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Ат-Башы жана Нарын райондорунун мамлекеттик администрациялары берген чарбакер субъекттердин тизмелерине ылайык үрөндөрдү бөлүштүрсүн.
2. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссия Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын мамлекеттик администрациялары берген сертификацияланган үрөндөрү бар үрөн чарбаларынын тизмелерин талдоонун негизинде жаздык буудайдын, арпанын жана биринчи, экинчи, үчүнчү репродукциядагы эспарцеттин үрөндөрүн тикелей сатып алуунун конкреттүү өлчөмдөрүн бир жумалык мөөнөттө аныктасын жана бекитсин.
3. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча Нарын облусунун, Ат-Башы жана Нарын райондорунун мамлекеттик комиссиялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 176-б буйругуна ылайык кайтарымсыз бөлүнгөн жаздык буудайдын, жаздык арпанын жана эспарцеттин үрөндөрүнүн бардык өлчөмүн 2010-жылдын сентябрындагы калың кардан жабыр тарткан Ат-Башы жана Нарын райондорунун чарбакер субъекттеринин ушул буйруктун 1-пунктунун 4-абзацында аталган тизмесинин негизинде бөлүштүрсүн.
4. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы кайтарымсыз бөлүнгөн жаздык буудайдын, жаздык арпанын жана эспарцеттин үрөнүнүн өлчөмүн сактоочу жайдан арналган акыркы пунктуна чейин жеткирүүнү уюштурсун.
5. Бул буйруктун 1-пунктунун 4-абзацында аталган тизмелерге ылайык ар бир чарбакер субъекттерге үрөн материалынын берилиши үчүн жоопкерчилик Нарын облусунун, Ат-Башы жана Нарын райондорунун мамлекеттик администрацияларына, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |