Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7159 жана Ош облусунун Өзгөн районунун № 5057 шайлоо участкаларында кайра добуш берүүнү даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7159 жана Ош облусунун Өзгөн районунун № 5057 шайлоо участкаларында кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө" 2016-жылдын 30-декабрындагы № 279 токтомунун негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 38-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7159 жана Ош облусунун Өзгөн районунун № 5057 шайлоо участкаларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча кайра добуш берүүнү дайындоо жана өткөрүү жөнүндө" Аламүдүн жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын 2017-жылдын 4-январындагы чечимдери бекитилсин.
2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7159 шайлоо участкасында, Ош облусунун Өзгөн районунун № 5057 шайлоо участкасында кайра добуш берүүнү өткөрүү 2017-жылдын 15-январына дайындалсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бегматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |