Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-апрели УӨ № 285
К.С.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн, ошондой эле К.С.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын жүргөндөрдүн банктык эсептери менен банктык операцияларын аныктоо максатында:
1. ГФРга баруу үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн:
Самат Сурабалдиевич Конокбаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын мүчөсү, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бакыт Курманалиевич Жумашев - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Артур Капарович Медетбеков - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн атайын жиберилген өкүлү;
Сыргак Асанович Кожомкулов - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн атайын жиберилген өкүлү.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Каржы министрлиги иш сапарынын чыгымдарын төлөөнү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги визалык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |