Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 299
Бишкек шаарында "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору боюнча Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу, делегациянын жетекчиси,
Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу, делегациянын жетекчисинин орун басары,
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы,
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу,
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги,
Денисов Р.В. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башчысы,
Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын инвестициялар бөлүмүнүн башчысы,
Сарыбаева Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы,
Изаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин кеңешчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу Т.А.Сариев жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |