Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы № 11
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 12-январындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 52-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 10-бөлүгүн жана 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 12-январындагы чечиминин Чүй айылдык кеңешине шайланган депутаттары А.Абдрахмановдун жана К.Асекованын депутаттык мандаттарын калтыруу бөлүгү, көрсөтүлгөн чечим мыйзам бузуулар менен кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Чүй айылдык кеңешинин депутаттары К.Асекованын жана А.Абдрахмановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин бош калган депутаттык мандаттарын шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге өткөрүп берсин.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгына, Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө карата мыйзамсыз чечим кабыл алгандыгына байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды даярдоо тапшырылсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жана Чүй айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |