Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 4-майы УӨ № 311
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын милдеттерин бирин бири кайталоону четтетүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаарында жайгашкан Региондор аралык башкармалыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин түштүк региону боюнча орун басарынын кызматы жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу тиешелүү чараларды көрсүн;
- бошотулган штаттык сандарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кичи бөлүмдөрүн чыңдоо үчүн пайдалансын.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин регламенттөөчү актылар ушул тескемеге каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-июнундагы № 445 Буйругуна ылайык
2010-жылдын 4-майынан баштап
жарактуулугу жокко чыгарылып
КҮЧҮН ЖОГОТТУ