Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 15
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 токтому менен 2017-жылдын 20, 23-январына дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл, Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, айылдык кеңештердин депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгендигине байланыштуу, өткөн жок.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10 токтому менен 2017-жылдын 23-январына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу, айылдык кеңештин депутаттарын кворуму жок болгондугуна байланыштуу, өткөн жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо төмөнкүдөй дайындалсын:
1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 6-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
1.2. Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 6-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
1.3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча, 2017-жылдын 3-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жайыл, Баткен жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |