КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-майы УӨ № 352
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 458 буйругунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын 6-7-майында сел жүрүүнүн жана суу ташкындарынын натыйжасында өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан Тажикстан Республикасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- 2 айдын ичинде саны 5 бирдик жыйноочу-ажыратуучу калканч үйлөрдү даярдасын;
- көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Тажикстан Республикасына жеткирүүнү уюштурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жабыр тарткан калкка көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам жөнүндө Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматы бажы өткөрүү жана чек ара контроль жайларында Тажикстан Республикасы үчүн гуманитардык жардам жүгүн артыкчылык тартибинде өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыйноочу-ажыратуучу калканч үйлөрдү даярдоо үчүн зарыл болгон 1771145 (бир миллион жети жүз жетимиш бир миң жүз кырк беш) сом Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунун каражаттарынан суммасындагы акчалай каражаттарды бөлүп берсин;
- гуманитардык жүктү арналган жерине жеткирүү боюнча чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык операция аяктагандан кийин берилген эсептерге ылайык толтурсун.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 458 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |