Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 367
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты, белгилүү коомдук жана саясий ишмер Дооронбек Садырбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында:
1. Төмөнкү курамдагы мамлекеттик комиссия түзүлсүн:
Бекназаров А.А. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
Момбеков Р.Ч. - Кыргыз Республикасынын маданият министринин м.а., комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Текебаев Ө.Ч. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары;
Артыкбаев О.М. - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин м.а.;
Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын м.а.;
Өмүркүлов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэринин м.а.;
Карамушкина И.Ю. - Кыргыз Республикасынын билим жана илим министринин орун басарынын м.а.;
Сүйүндүков А. - Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төрагасы;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору;
Абдырахманов уулу Ш. - "ЭлТР-коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Мониев А. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;
Конокбаев К. - филология илимдеринин доктору, профессор;
Казаков Т. - Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Өмүрканов А. - Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Дүйшеев Ш. - Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Иманалиев К. - коомдук ишмер;
Тургунбеков К. - "Кайран эл" партиясынын төрагасы;
Мурашев Н.М. - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын м.а.;
Садырбаева Г. - Д.Садырбаевдин бир тууганы;
Сартказиев Б. - тууганы.
2. Мамлекеттик комиссия Д.Садырбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле аларды аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |