Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-июну УӨ № 410
2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон саясый окуяларга байланыштуу Талас облустук мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын калыбына келтирүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Талас облустук мамлекеттик администрациясына имараттын капиталдык ремонтуна 20181278 (жыйырма миллион жүз сексен бир миң эки жүз жетимиш сегиз) сом жана офистик мебель жана оргтехника алыш үчүн 5713450 (беш миллион жети жүз он үч миң төрт жүз элүү) сом тапсын жана бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетине жана 2011-2012-жылдарга болжолуна өзгөртүү киргизүү тууралуу тийиштүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |