Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-майы N 157-б
2010-жылдын 17-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен "Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жөнүндө" брифингдин катышуучулары тарабынан айтылган өтүнүчтөрдү жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу үчүн:
1. Жарандарда спорт менен машыгууга жана сергек жашоо мүнөзүнө мотивацияны түзүү боюнча негизги багыттарды иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Үсөналиев М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кенжебаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Аблаева А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси;
Айтмурзаева Г.Т. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору;
Алыгулова К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
Бекиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу-машыгуу борборунун улук инспектор-методисти;
Исакулов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальниги;
Кожомбердиев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Сарбалиев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Султаналиев Д.К. - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин региондук жана социалдык саясат башкармалыгынын башкы адиси.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө жарандарда спорт менен машыгууга жана сергек жашоо мүнөзүнө мотивацияны түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |