Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-майы № 162-б
Ош-Баткен-Исфана, автожолун реабилитациялоо долбоору, 1-фазасы (Ноокат ашуусу, 10-28 км) боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Кадыров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Маматов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Обдунов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Алимбеков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыштар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Кемелов У.К. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;
Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын жардамдарды пландоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |