Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-майы № 167-б
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча калкка берилүүчү жылуулук энергияны сатуу менен байланышкан чыгымдарын республикалык бюджеттен ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Татиков Р.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын бөлүм башчысы, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
Ли Г.П. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын башкы адиси;
Чолпонкулова Г.М. - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин тарифти жана бааны жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектеөчү адиси;
Халип Л.И. - көз карандысыз аудитор (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык-чарбалык иштерин талдоонун, субсидиялардын өлчөмүн эсептөөнү текшерүүнүн негизинде 2009-жыл үчүн тарифтерди жөнгө салуу боюнча калкка берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу бюджеттен орду толтурулуучу чыгымдардын суммасын тактасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |