Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-майы № 171-б
Айыл чарба продукцияларын пайдалануучулардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо, ички базарларды чыңдоо, экономиканын агрардык секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында:
1. Экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча программаны иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясынын директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча программаны иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда төмөнкүлөргө укук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2011-жылга бекитилген бюджетинин каражаттарынын эсебинен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, чет өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |