Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-майы № 173-б
«Касиет» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Касиет» ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төмөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен карызды салыштырып текшерүүнүн актысынын негизинде 2011-жылдын 1-январына карата «Касиет» ачык акционердик коомунун карызын төлөөнүн валютасы 1 евро = 1,95583 ДМ курсу менен еврого өзгөртүлсүн;
- негизги карызды тындыруу тең өлчөмдө ай сайын төлөө менен 2014-жылдын 1-июлунан баштап 2030-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн төлөм карыздын негизги суммасына эсептелүүчү жылдык 3 процент өлчөмүндө ушул буйрук күчүнө кирген күндөн баштап белгиленсин;
- 2011-жылдын 1-январына карата эсептелген, тындырылбаган проценттер капиталдаштырылсын жана проценттерди эсептөөсүз, учурда эсептелген проценттер менен бирге тең өлчөмдө ай сайын төлөө менен тындыруунун мөөнөтү 2011-жылдын 1-июлунан баштап 2030-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин;
- негизги сумма жана проценттер боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынан жылдык 6 процент өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин;
- «Касиет» ачык акционердик коому менен эки айлык мөөнөттө 1997-жылдагы карыз милдеттенмесине кошумча макулдашуу түзүлсүн, ошондой эле 2000-жылдын 14-мартындагы №75/04 Күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу түзүлсүн, мында «Касиет» ачык акционердик коомунун кредиттин кайтарылуусуна кепилдик берген кошумча күрөөлүк камсыздоону берүүсү каралсын;
- «Касиет» ачык акционердик коому реструктуралоонун шарттарын бузган учурда ушул буйрукта аталган реструктуралоонун шарттары белгиленген тартипте жараксыз деп табылсын жана карызды мажбурлап өндүрүү башталсын.
2. «Касиет» ачык акционердик коомуна ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап эки айлык мөөнөттө коомдун активдерине укукту белгилөөчү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жана займ алуучунун кредитордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусун камсыздоого 2000-жылдын 14-мартындагы №75/04 Күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн бардык зарыл болгон документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү сунуш кылынсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |