Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-майы № 175-б
2011-жылдын 19-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2000-жылдын 25-январындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташууларынын негизги багыттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;
- "КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык иши үчүн маалыматтар" КМШнын бөлүштүрүлгөн маалыматтык системасы жана порталы формасында КМШга катышуучу мамлекеттердин Инновациялык ишинин маалыматтык инфраструктурасын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймагына чыгуучу үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Фундаменталдык илимдер жаатында кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.
Премьер-министр | А.Атамбаев |