Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-майы № 176-б
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Карыз алуу жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) ("Транспорт коридору - 1 ЦАРЭС" Бишкек-Торугарт жолу) тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |