Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-майы № 177-б
Калкты жана аймактарды жээктеги жана суу түбүндөгү эрозиядан коргоону камсыздоо, ошондой эле Чүй суусунун сол жээгин суунун жеп кетишинен андан ары коргоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата жана Чүй райондорундагы Чүй суусунун боюнда жайгашкан калктуу конуштарын жана аймактарын коргоо боюнча авариялык-калыбына келтирүүчү жана биринчи кезектеги курулуш иштерин уюштурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Кемин-Торугарт айланма автожолунун 41-42, 49-50 километрлерине коргоочу дамбаларды куруу боюнча иштерди уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Чүй суусунун сол жээгин бойлото айыл чарба өсүмдүктөрүн ургаалдуу жууп кетип жаткан жерлерди калыбына келтирүү жана коргоочу дамбаларды куруу боюнча иштерди уюштурсун.
4. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен бирдикте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2012-2013-жылдарга зарыл болгон финансы каражаттарынын көлөмүн, каржылоо булактарын жана иштерди жүргүзүү артыкчылыктарын көрсөтүү менен Чүй суусундагы өтө кооптуу участкаларды коргоо боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Министрликтер жана мамлекеттик комитет ушул буйруктун 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн иштерди 2011-жылга тиешелүү мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен бирдикте коргоо иш-чараларын жүргүзүү учурунда келип чыгуучу чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди макулдашсын жана чечсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |